Адамдардан сурагандан тажадыңбы? Канча жолу жакын деп жүргөн адамдардан жардам сурадың? Канча жолу «кийин» деген жооп угуп, ичиңден өчүп калдың? Биз көбүнчө колубуздагы эң чоң күчтү унутуп, тегеректегилерден суранып жашайбыз. Адамдар — алсыз. Алардын да өз оорусу, өз түйшүгү, өз кызыкчылыгы бар. Алар бере албайт, же бергиси келбейт. А сен алардан үмүт кылып, көңүлүңдү оорутасың. Бирок Аллах — бай. Анын казынасы түгөнгүс. Ал «Бол!» десе, болот. Ал сенин жүрөгүңдөгү эң жашыруун тилекти да билет, сен айтпасаң да. Ошондуктан, жиним келгенде, чарчаганымда, эч ким түшүнбөй койгондо, мен эми адамдарга эмес, түз эле Ага жалдырайм. Анткени адамдар убада берип, аткарбай коёт. Аллах убада берсе — аткарат. Сен дагы бүгүн бирөөдөн үмүт кылып, көңүлүң калган болсо, токто. Колуңду көтөрүп, жалгыз Алладан сура. Ал сени унутпайт. Сенин жашооңдо Аллахтын жардамын ачык сезген учур болду беле?
Комментарии