Аллага чексиз шүгүр! 🤲 Бүгүнкү күндү көрүп, аман ойгонгонубузга, ден соолукка, үй-бүлөбүзгө жана жакындарыбыздын бар экенине шүгүр. Кээде колубузда бар нерселердин баркын байкабай калабыз, бирок ар бир дем, ар бир тынч таң — Жараткан берген чоң белек. Аллахым, берген жакшылыктарыңа шүгүр. Үйүбүзгө береке, жүрөгүбүзгө ыйман, жашообузга тынчтык насип эт. Кыйынчылыктарда сабыр, жакшылыктарда шүгүр кылган пенделериңден кыл. 🤍🤲
Комментарии