Аллахым, муктаждыгымды Өзүңдөн гана сурайм… 🤲 Жүрөгүмдөгү айтылбаган тилектерди да, ичимде катылган кайгымды да Сен билесиң. Адамдарга айта албаган сырымды Өзүңө айтып, жардамды Сенден сурайм. Кыйынчылыкта сабыр, жүрөгүмө тынчтык, иштериме береке бер. Мага жакшылык кылган адамдарга ыраазы болууну, өзүм да башкаларга кол сунууну насип эт. Аллахым, үмүтүмдү жалгыз Өзүңө байлап, ар бир абалда Сага таянган пенделериңден кыл. Оомийин. 🤍🤲
Комментарии