Атам — менин тирегим, сыймыгым… 🤍 Көп нерсени сөз менен айтпаса да, мээримин ар бир кылган иши менен көрсөткөн адам — атам. Үй-бүлөсү үчүн чарчаганын билдирбей эмгектенип, балдарынын келечеги үчүн болгон күчүн жумшаганын кийин чоңойгондо түшүнөт экенсиң. Ата, сиздин акылыңыз, колдооңуз жана биз үчүн кылган эмгегиңиз — менин жашоомдогу эң чоң байлыгым. Кээде ыраазычылыгымды толук айта албай калсам да, жүрөгүмдө сизге болгон урмат-сыйым жана сүйүүм чексиз. Аллахым сизге бекем ден соолук, узун өмүр, көңүл тынчтыгын берсин. Ар дайым аман болуп, төрүбүздө күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Сиздей атам бар экенине шүгүр! 🤲❤️
Комментарии