Ийгилик — бул сен ойлогондой эле акча эмес Көпчүлүк ийгиликти чоң үй, кымбат унаа, банктагы эсеп менен өлчөйт. Бирок караңыз: канча бай адам бактысыз, канча атактуу адам жалгыз. Анда ийгилик деген эмне? Ийгилик — бул эртең менен ойгонуп, өзүңдүн жолуңду билүү. Сүйгөн ишиң менен алектенүү. Жакындарыңдын ден соолугу. Тынч уйку. Өзүңө чынчыл болуу. Ар бир кадамыңда өскөндү сезүү. Ал эми чыныгы ийгилик — бул кыйынчылыкта сынбай, куласаң кайра туруп, Аллага шүгүр кылып, алдыга жыла билүү. Анткени ийгилик — бул бир күндүк майрам эмес, ар бир күнкү эмгектин, сабырдын жана ыраазычылыктын жыйынтыгы. Бүгүн токтоп, өзүңүздүн ийгиликтериңизди санап көрүңүз. Сиз ойлогондон да көп нерсеге жеткенсиз. Сиз үчүн ийгилик деген эмне? Комментарийге жазыңыз.
Комментарии